Ысык-Көлдөгү мейманкананын имаратын бузуу боюнча президенттин аппараты: Эч ким инвестиция салуу ниетин билдирген эмес
Белгилүү мейманкананын ордунда мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс пайда болот, ал Бишкектин эстетикалык көрүнүшүн жакшыртат
«Ысык-Көл» мейманканасы 1984-жылы курулган жана 2007-жылдан тартып колдонулбай калган. Ал кезде толук реконструкция талап кылынган. Имаратты сактап калуу жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап мейманкана катары иштетүү үчүн толук реконструкция кылуу максатында бир нече жыл бою көптөгөн инвесторлор менен, анын ичинде чет элдик дагы, сүйлөшүүлөр жүргөн.
Ошондой эле, ири мейманкана түйүндөрүнө дагы инвестициялоо сунушталган.
Бирок эч ким инвестиция салууну каалаган эмес. Натыйжада 13-14 жыл мейманкана колдонулбай, акырындап бузула берген.
Мамлекеттик мекемелердин дээрлик бардыгынын имараттары өткөн кылымдын 50-жылдарында курулуп, дайыма оңдоо жана реконструкцияны талап кылат.
Анын үстүнө Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары мамлекеттик маанидеги бир дагы административдик имарат курулган эмес.
Каражаттарды рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплексти куруу чечими кабыл алынды. Учурда анын максаттуулугу боюнча маселе каралууда.
Бузуу иштерин «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Курулуш иштерин Президенттин Жарлыгы менен жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзөт.
2021-жыл 27-декабрь
Элдос Казыбеков
Фото, видео Vesti.kg