Биринчи май жана Свердлов райондорунда ЖКнын депутаттарын кайра шайлоо 27-февралда өтөт
Талапкерлер шайлоо өнөктүгүнө даярданып жатышат
БШК №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун датасын бекитти. Бул маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Vesti.kg сайтына тастыктады.
Анын айтымында, кайра шайлоо 2021-жылдын 27-февралында өтөт.
«Биз кайталап шайлоого даярдык көрүү боюнча негизги иш-чаралардын календарлык планын бекиттик», - деди Бекматов. - Талапкерлердин шайлоо фонддорун тейлөө боюнча аныкталган банк мекемелери – «РСК Банк» жана «Айыл Банк».
Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорундагы шайлоочулардын көбү “Баарына каршы” деп добуш беришкен. Жогоруда аталган округдарда кайра шайлоо өткөрүлөт.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www