«Forbes»ондугуна кирген компаниянын акыркы медициналык жабдуулары Бишкекке келиши мүмкүн
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында 1,5 миллиондон 25 миллион долларга чейин тартылат
Бүгүн, 27-декабрда м.а Инвестициялар министри Нурадил Баясов "AFEI Holding" корпорациясынын төрагасы менен жолугушту. Тараптар медициналык кызмат көрсөтүүдө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалын кеңири талкуулашты.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында AFEY Holding Corporation мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында муниципалдык оорукананын аймагында диагностикалык борбор ачууга кошумча кызыгуусун билдирди.
Диагностикалык борбордун негизги кызматы магниттик-резонанстык томография кызматтары болот. Бул кызматтарды көрсөтүү үчүн Кытайдан алынып келинүүчү Supernova H15 MRI аппараты сатылып алынат. Бул долбоордун ар кандай этаптарын ишке ашыруунун алкагында агенттик инвестор менен биргеликте Forbes журналынын эң мыкты 10 медициналык тизмесине кирген Neusoft Medical Systems компаниясынын акыркы медициналык жабдууларын орнотуу үчүн 1,5 миллиондон 25 миллион долларга чейин тартат.
Белгилей кетсек, бул долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу 2022-жылдын февраль айына пландалып, Кыргызстандын жарандары эң заманбап медициналык кызматтарды колдонууга мүмкүнчүлүк алышат.
Ошондой эле, «AFEY Holding» корпорациясы Кыргыз Республикасынын жарандарына заманбап медициналык кызматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасында мультидисциплинардык оорукана ачууну пландаштырууда.
«AFEY Holding» корпорациясы Кыргызстандын аймагында жаңы кластер – медициналык туризмди түзүүгө кызыкдар. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн агенттик инвестор менен биргеликте 80 миллион доллардан ашык каражат тартууну пландаштырууда.
Сүрөт www