Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шаардык кызматтар Бишкектин жардамга муктаж тургундарына жардам көрсөтүштү (фото)

«Бишкексветтин» кызматкерлери ымыркайдын үйүнө муздаткыч, микротолкундуу меш, казан жана оюнчуктарды тапшырышты

Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү муктаж болгондорду Жаңы-жылы менен куттуктап келет.

Биринчи май райондук билим берүү борборунун жамааты муниципалитеттин жакшы аракетин колдошту. Профсоюздук чегерүүлөрдүн эсебинен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып жаткан онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга жаңы жылдык белектер даярдалып, таратылды.

Ал эми «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ымыркайдын үйүнө барып, керектүү жардамдарды көрсөтүштү. Мекемеге эки муздаткыч, микротолкундуу меш,  казан жана оюнчуктар тапшырылды.

Эске сала кетсек, мэрия быйылкы жылы кайрымдуулуктун пайдасына жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алган.

Мэрия Бишкека
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх