БШКга Эльвира Сурабалдиевадан билдирүү келип түшкөн. Ал кайра шайлоого катышат
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Биринчи Май шайлоо округу боюнча ат салышууда
Мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева №27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды.Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына билдирди.
Маалым болгондой, Сурабалдиева БШКга арыз бергендердин ичинен биринчи болуп арыз калтырууда.
"Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганда, башкача айтканда 2022-жылдын 27-январында саат 18:00гө чейин аяктайт", — деп айтылат комиссиянын сайтында.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорундагы шайлоочулардын көбү “Баарына каршы” графасына добуш беришкен. Келерки жылдын 27-февралында кайра шайлоо болот.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www