Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев акчаны үнөмдөө үчүн Кыргызстан боюнча кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүнү оптималдаштырууну чечти

Кээ бир ооруканалар сакталып калат, башкалары кайра конструкцияланат, ал эми кээ бирлери толугу менен кыскартылат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 27-28-декабрда республиканын кургак учукка каршы кызматын оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы кургак учукка каршы күрөшүү уюмдарын кыдырды.

Кургак учукка каршы уюмдарды кыдырып чыккандан кийин министр белгилегендей, кургак учук менен ооругандарга кызмат көрсөткөн жогоруда аталган облустардагы саламаттык сактоо уюмдарынын керебет фондунун натыйжалуулугун талдоо оптималдаштыруу жана реструктуризациялоо зарылдыгын көрсөтүп турат. Ушуга байланыштуу кургак учукка каршы уюмдарды бул аймактарда гана эмес, бүткүл республика боюнча оптималдаштыруу зарылчылыгы келип чыкты.

Аймактык саламаттыкты сактоо координаторлору, кургак учукка каршы кызматтын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушууда министр Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан республика боюнча кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча буйрук чыгарын билдирди. Кээ бир ооруканалар сакталып калат, кээ бирлери кайра профилделет, кээ бирлери кыскартылат.

«Оптимизация чыгымдарды үнөмдөөгө алып келет. Бул каражат саламаттыкты сактоо системасында калып, кургак учукка каршы дарыларды сатып алууга, баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого жана башкаларга жумшалат», - деди Бейшеналиев.


Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх