Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кайрадан чайга ичишүүбү? Садыр Жапаров өткөн чакырылыштын депутаттарын резиденцияга чакырды

Бул тууралуу депутат Строкова ырастады, бирок президенттин басма сөз катчысы бул маалыматты четке какты

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында саат 18:00дө президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кетип жаткан депутаттары менен жолугушуусу болот. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат Евгения Строкова билдирди.

Ошол эле учурда эл өкүлү жолугушуунун максаты азырынча белгисиз экенин белгиледи.

- Депутаттарга резиденцияга чакыруу кагазы келип түшкөн, - дейт Строкова. - Бир топ кызыктай кырдаал түзүлдү. Сессиябыз жабыла элек, бирок жаңы курам ант берип бүттү. Өлкөдө кыска мөөнөттүү кош бийлик орноду. Сессияны резиденцияда жаап коюшубуз мүмкүн, бирок так билбейм.

Ал арада президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Vesti.kg бул маалыматты четке кагып, мамлекет башчысы VI чакырылыштагы парламентарийлер менен жолугушууну пландабаганын билдирди.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх