Адахан Мадумаров: Жогорку Кеңештин эки вице-спикерин калтырып, комитеттердин санын 12ге жеткириш керек
Бир катар депутаттар адистештирилген комитеттердин санын кыскартууга каршы чыгышты
Парламенттин жыйынында депутаттар адистештирилген комитеттердин санын талкуулашууда.
Жумушчу комиссиянын төрагасы Султанбай Айжигитов жети адистештирилген комитетти түзүүнү сунуштады:
1. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;
2. Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу, өнөр жай саясаты жана экология боюнча комитет;
3. КР Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитети;
4. Финансылык жана экономикалык саясат боюнча комитет;
5. Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитети;
6. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети;
7. Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш жана агрардык саясат боюнча комитети.
Бир катар парламентарийлер комитеттердин санын кыскартууга каршы чыгышты.
«ЖКнын спикеринин эки орун басарын калтырып, комитеттердин санын он экиге жеткирүү керек», - деп сунуштады Адахан Мадумаров. -Комитеттин мүчөлөрү кошумча маяна алышпайт, аларга кеңсе, унаа бөлүнбөйт. Маданият тармагындагы маселелерге жана өлкөнүн бюджетин түзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Аны Нурбек Алимбеков колдоп, комитеттердин саны казынага оорчулук келтирбей турганын белгиледи.
— Канчалык көп комитеттер болсо, биз мыйзам долбоорлорун ошончолук тез жана сапаттуу карайбыз, - деди эл өкүлү. -Аймактардан 36 депутат келип, жер, ичүүчү суунун жетишсиздиги боюнча маселе көтөрүүдө. Агрардык комитетти кайтарыш керек, антпесе шерменде болобуз. Бул экологияны да камтышы керек.
Өз кезегинде депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңеште маданият тармагын караган комитет керек экенин айтты.
«Маданият экономикадан жогору турат», - деп белгиледи ал. - Өлкөбүз туристтик өлкөгө айлансын десек, маданият жок жерде бизге эч ким келбейт. Буга байланыштуу маданиятты социалдык саясат, билим берүү, илим боюнча комитетке киргизүү керек.
Депутаттар айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен ЖКнын түзүмүн кайра карап чыгууну комиссияга сунушташты.
Сүрөт www