Курманбек Бакиев: Мен кыргыз эли менен бирге мамлекетибизде болуп жаткан өзгөрүүлөргө кубанам
КРнын качып кеткен президенти жаңы-жыл менен куттуктап, ага күч-кубат, дем берип жаткан мекендештерине ыраазычылык билдирди
Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиев Кыргызстан элин келе жаткан Жаңы-жылы менен куттуктады. Анын куттуктоосун Vesti.kg сайтына Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн жакын адамы Аскат Тейит билдирди.
«Урматтуу кыргызстандыктар!
Биринчиден, өзүмдүн атымдан, үй-бүлөмдүн жана жакындарымдын атынан сиздерди келе жаткан 2022-жылыңыздар менен куттуктайм! Жаңы жыл ар бир үй-бүлө үчүн бакыттын, бакубаттуулуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн жылы болсун. Өлкөбүздө керексиз трагедиялар, башаламандыктар, чыр-чатактар, кан төгүүлөр болбосун.
Кыргыз элим мурдагыдай ынтымактуу болсун: аксакалдар туура сөз айтса, жаштар жамандыктан алыс болсун. Башка өлкөлөргө үлгү көрсөтөлү.
Мени жана үй-бүлөмдү жаңы-жыл менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин жазган мекендештериме ыраазычылык билдирем. Сиздердин сөздөрүңүздөр мага чет өлкөдө жашап, күч жана дем берди. Мүмкүнчүлүк болсо баарына ыраазычылыгымды билдирмекмин. Бирок силер өзүңөр жакшы түшүнөсүңөр, буга менин убактым жетпейт.
Акыркы он жылдын ичинде муз эрип, тоңгон кеме жакшылыкка, өнүгүүгө карай багыт алганы сезилип турат. Бул менин жан дүйнөмдү жылытат. Элин ойлогон адам кайда, кандай кырдаалда болбосун ар дайым мекени менен бирге болот. Ошондуктан, мен кыргыз эли менен бирге мамлекетибизде болуп жаткан өзгөрүүлөргө кубанычтамын.
Кыргызстаныбыз онуксун, элибиз кыйналбай жашасын. Оорудан жана өлүмдөн алыс болуп, жаңы жылды жакшы маанайда тосуңуз”,-деп айтылат билдирүүдө.
Сүрөт www