“Кумтөр Биримдиги” профсоюз уюмунун төрагасы Рамис Мамбеталиевдин кайрылуусу
Быйылкы жыл Кумтөрдүн тарыхында бурулуш жыл болду. Ушунча жылдан кийин кен мамлекетке кайтарылып, убактылуу тышкы башкаруу киргизилген. Бул иш-чара коллектив тарабынан абдан жакшы кабыл алынды. Буга чейин Кыргызстан кенди өз алдынча иштете алабы деген күмөн саноолор болгон. Кудайга шүгүр, бул сыноолордон ийгиликтүү өттүк. Тышкы менеджер Тенгиз Бөлтүрүк баштаган жетекчилик мыкты башкаруучулук сапаттарын көрсөтүп, иш үзгүлтүккө учураган жок. Жыл башында белгиленген өндүрүштүк тапшырмалар ашыра аткарылып, жылды өндүрүштөгү авариясыз жыйынтыктап жатабыз.
Жумушчулардын эмгек акылары кечиктирбестен, толук бойдон ез убагында теленуп турду. Мындан тышкары, жамааттык келишимде көрсөтүлгөн социалдык төлөмдөр, бардык кепилдиктер жана жеңилдиктер толугу менен аткарылды.
Жылдын аягында биздин профсоюздун жана эмгек коллективинин талабы боюнча кызматкерлерге бир жолку кошумча акы төлөнду. Тышкы менеджер Тенгиз Бөлтүрүккө жамааттын өтүнүчүн аткаргандыгы үчүн «Кумтөр Биримдиги» профсоюз уюмунун атынан терең ыраазычылык билдиребиз.
Ошондой эле кызматкерлер үчүн жакшы кабарыбыз бар. 2022-жылдан тарта маяна дагы 4 пайызга көтөрүлөт.
Бул кызматкерлерге чоң стимул жана келечекте дагы жакшыраак иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Жалпысынан жетекчилик коллективдин эмгектик духуна айрыкча көңул бурат. Күз айынын башында Теңиз Бөлтүрүктүн демилгеси менен Кырчын жайлоосунда кызматкерлер үчүн сонун эс алуу уюштурулду. Өзгөчө көңүл “Кумтөрдө” 5, 10, 15, 20 жана 25 жыл иштеген кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө бурулат. Бул биздин кызматкерлерди шыктандырат.
Учурдан пайдаланып, «Кумтөрдүн» бардык кызматкерлерин жана Кыргызстан элин келе жаткан жаңы-жылы менен куттуктайм. Жаңы-жыл ар бирибизге мол бакыт, чың ден соолук, бакыт, тынчтык жана бакубатчылык алып келсин!
KГK
Сүрөт www