Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сеулда бельгиялык фотографтын Кыргызстандын жаратылышына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Фредерик Байкс чыгармаларын Ат-Башы районуна арнаган. Ал адамдардын жаныбарлар менен кантип чогуу жашашын жана табияттын катаал көрүнүштөрүнө туруштук берерин көрсөткөн

Өткөн шейшембиде, 28-декабрда Сеулдагы Корей Фондунун имаратында Бельгиянын Королдугунун Элчилиги менен Кыргыз Республикасынын Элчилиги тарабынан уюштурулган бельгиялык фотограф Фредерик Байкстын Кыргызстандын жаратылышы тууралуу «Ат башы» (Ат Башы) аттуу сүрөт көргөзмөсү. Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилигинин көмөгү менен Корей фонду ачылды.



Ачылыш аземине Корея Фондунун президенти Ли Ге Ын, Бельгиянын элчиси Француа Бентемпс жана КР элчиси Динара Кемелова катышты. Өз сөзүндө Бельгиянын элчиси Бельгия менен Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 120 жылдыгын майрамдоону белгилеп, үч өлкөнүн ортосундагы өзгөчө байланышты баса белгиледи. Корея Фондунун президенти Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна, кызыктуу «Көк-Бөрү» оюнуна өзгөчө көңүл буруп, үч өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде КР Элчиси фотокөргөзмөнүн биргелешип уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын тоолуу жаратылышынын өзгөчө сыйкырдуулугун, кыргыз элинин көчмөн жашоо образын, улуу мурас – «Манас» эпосун белгиледи жана бардыгын меймандостугу менен атагы чыккан Кыргызстанга келүүгө чакырды.



Автору — бельгиялык фотограф Фредерик Байкс езунун фотосүрөттөрүн Ат-Башы районуна арнаган. Ал өз эмгегинде адам менен жаратылыштын ортосундагы болгон байланышты баса белгилейт. Анда адамдар менен жаныбарлардын кантип ынтымакта жашашы, бири-бирине канчалык көз каранды экендиги жана табияттын кээде катаал көрүнүштөрүнө кантип туруштук берери көрсөтүлөт. Мунун баары Ат-Башы районунун көчмөн тургундарынын жашоо образы жөнүндө түшүнүк берет.

Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Элчилиги бардыгын Корея Фондунун галереясында, ошондой эле виртуалдык реалдуулукта онлайн форматта өтүүчү жана 2022-жылдын 9-февралына чейин улана турган бул көргөзмөнү көрүүгө чакырат.

Мөөнөтү: 2021-жылдын 28-декабрынан 2022-жылдын 9-февралына чейин

Убактысы: Дүйшөмбү - Жума 10:00 - 19:00 / Ишемби 10:00 - 16:00

Жайгашкан жери: 26, Eulji-ro 5-gil, Jung-gu, Seoul, Korea, KF Gallery

Баасы: бекер

Веб-сайт:Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

КРнын Түштүк Кореядагы элчилиги
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх