Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин башчысы өзбек кесиптешин келе жаткан жаңы-жылы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Акылбек Жапаров Абдулла Ариповду кирип келе жаткан 2022-жылы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми бир тууган өзбек элине тынчтыкты жана өнүгүп-өсүүнү каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх