Кумтөр боюнча Жоомарт Оторбаевдин иши сотко өттү
Экс-премьер-министр тергөө менен кызматташат
Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү. Vesti.kg бул маалыматты соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Экс-чиновник Кумтөр иши боюнча тергөө менен кызматташып жатканы такталды.
Эске салсак, Жоомарт Оторбаев Кумтөр боюнча кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын бири. Ал үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Бирок эки айдан кийин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз