Замир Жоошев өткөн жылдын “Мыкты юристи” болду
Сыйлоо аземи “Кыргызстандын улуттук сыйлыгы” иш-чарасынын алкагында өттү
«Мыкты юрист» сыйлыгын юрист Замир Жоошев алды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.
Юрист сыйлык тапшыруу аземи «Кыргызстандын улуттук сыйлыгы» иш-чарасынын алкагында болгонун тактады.
«Ушуга байланыштуу быйылкы жылы коомубуздун ар кыл өкүлдөрүнүн укуктарын чынчыл жана кесипкөйлүк менен коргогон, мыйзамдуулукту жактаган ар бир юрист, журналист, активист, укук коргоочу, юрист мугалим, карапайым атуул адилеттүүлүк, укук коргоо органдарында жана соттордо реформалар үчүн күрөшкөн, ошондой эле айылда, шаарда же өлкөдө мыйзамдуулуктун абалын жакшыртуу боюнча белгилүү көлөмдөгү иштерди жасаган – эң жакшысы», - деп айтылат басылмада.
сүрөт www