Казакстандын өкмөтү отставкага кетти
Президент Касым-Жомарт Токаев Аскар Маминдин өкмөтүнүн отставкасын кабыл алды
Казакстандын өкмөтү отставкага кетти. Тийиштүү токтомго өлкө башчысы 5-январда кол коюп, Аскар Маминдин өкмөтүнүн отставкасын кабыл алды. Премьер-министрдин милдеттери биринчи вице-премьер Алихан Смаиловго убактылуу жүктөлүп, ал эми өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилмейинче өз милдеттерин аткара беришери айтылды. Мындан сырткары, Касым-Жомарт Токаевдин өзгөчө токтому менен Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Абиш Самат Сатыбалдыулы өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Анын ордун президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мурат Нуртлеу ээлемекчи.
Буга чейин Токаев Алматы жана Мангистау облусунда 19-январга чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизген.
Эскерте кетсек, коңшу өлкөдө бир нече күн мурда массалык нааразычылык акциялары өлкөнүн ар кайсы шаарларында башталып, абал курчуп кеткен. Буга башкы себеп - жыл башынан бери суюлтулган газдын 1 литринин баасы 50 теңгеден 120 теңгеге (10 сомдон 23 сомго чейин) кымбаттаганы болгон.
Өлкө бийлиги кечээ, 4-январда Казакстандын Мангистау облусунда суюлтулган газдын баасы 50 теңгеге чейин арзандаарын убада кылганы менен элдик толкундоолор токтогон эмес.
5-январга караган түнү Казакстанда Telegram, WhatsApp жана Signal түйүндөрү иштебей, көптөгөн шаарларда, анын ичинде Алматыда жана борбордо мобилдик интернет үзүлүп, начар иштеп калган. Ошол эле маалда Алматы жана Нур-Султан шаарларында көчөгө чыккан элге каршы граната жана көздөн жаш агызуучу газ колдонула баштаган. Мындан сырткары, Токаев Алматы жана Мангистаус облусуна 19-январга чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизген.
Камила Аляева
фото www