Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Казакстандагы абал боюнча Путин, Токаев жана Пашинян менен сүйлөштү

Лидерлер Казакстан Республикасындагы учурдагы кырдаалды талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ кечинде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөштү.

Лидерлер Казакстан Республикасындагы учурдагы кырдаалды талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.

Тараптар ЖККУнун Уставына ылайык, кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын талкуулашты", - деп айтылат билдирүүдө.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх