ЖККУ Казакстандагы окуяларды сырттан даярдалган бандиттик түзүлүштөрдүн басып кирүүсү катары баалады
Жамааттык коопсуздук келишим уюму Казакстанга тынчтык орнотуучү күчтөрдү жөнөтөт
Жаматтык коопсуздук келишим уюму Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтөт. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри, уюмдун учурдагы төрагасы Никол Пашинян билдирди. ЖККУ Казакстандагы окуяларды сырттан даярдалган бандиттик түзүлүштөрдүн басып кирүүсү катары баалаганы да белгиленди. Пашиняндын айтымында, күчтөр Казакстандагы абалды жөнгө салып, турукташтыруу максатында чектелген мөөнөткө киргизилет.
Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү абалды террористтердин агрессиясы катары баалап, ЖККУдан жардам сурап кайрылган.
5-январдан 6на караган түнү өлкөдө кайрадан интернет байланышы өчүп калган.
Алматыда антитеррористтик атайын операция башталып, аэропорт бошотулду. Шаарда ок атышуу орун алганын, каза болгондор бар экенин күбөлөр билдиришүүдө.
Шаар мародерлордун талап-тоноосуна кабылды. Өлкө бийлиги эртең мененкиге чейин Алматы шаарын мародерлордон арылтууга убада берди.
фото www