Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алматыда административдик имараттарга жана шаардык ИИБга кол салган ондогон адамдар жок кылынды

Алардын өздүгү такталууда

Түндө административдик имараттарга жана Алматы полиция башкармалыгына кол салуу болгон. Ондогон кол салгандар жок кылынып, алардын өздүгү такталууда. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий өкүлү Салтанат Азирбек билдирди.

Анын айтымында, түн ичинде экстремисттик күчтөр административдик имараттарды басып алууга аракет кылышкан.

«Кечээ түнү экстремисттик күчтөр административдик имараттарга, Алматы шаардык ички иштер башкармалыгына, ошондой эле райондук жана ички иштер бөлүмдөрүнө басып кирүүгө аракет кылышкан. Ондогон кол салгандар жок кылынып, алардын өздүгү такталып жатат», — деди Салтанат Азирбек «Хабар-24» телеканалынын эфиринде.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх