Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандагы кырдаалга байланыштуу “Халык банкта” убактылуу үзгүлтүктөр болууда

Банктык карталар менен операцияларды Кыргызстандын бардык банкоматтарында жана башка банктардын POS-терминалдарында жүргүзүүгө болот

Казакстан Республикасындагы провайдердин каналында байланыш үзгүлтүккө учурагандыктан, Элкарт жана MIR төлөм карталарын Халык Банк Кыргызстан аппараттарында тейлөө убактылуу иштебейт. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.

Ушул себептен улам банктын айрым банкоматтарынын жана POS терминалдарынын иштешинде мүчүлүштүктөр болгондугу такталган. Ошондой эле, Visa карталары myHalyk мобилдик тиркемесинде убактылуу жеткиликтүү эмес.

Ошол эле учурда Кыргызстандын бардык банкоматтарында жана башка банктардын POS-терминалдарында банктык карталар менен операцияларды жүргүзүүгө болот.

«Кыйынчылыктарды жоюу жүрүп жаткандыктан, байланыш толугу менен иштеп жатканын кабарлайбыз. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Толук маалыматты 8008, +996 (312) 988-330, +996 (706) 988-330 (WhatsApp) телефондору аркылуу алса болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх