Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Александр Лукашенко казакстандыктарга: Ызы-чуу салып, кыйкырдыңар жетишет. Аябай курчуп кете электе сүйлөшүү керек (видео)

Беларус президенти жарандар биринчи кезекте аскерлерден тизе бүгүп кечирим суроосу керектигин баса белгиледи

Беларустун президенти Александр Лукашенко нааразылык акциясына катышып жаткан казакстандыктарга кайрылуу жасады.

Ал белгилегендей, Казакстан Республикасынын лидери Касым-Жомарт Токаев менен макулдашууга болот.

«Мен митингчилерге кайрылгым келет, айрымдары аларды бандит деп аташат. Ызы-чуу салдыңар, кыйкырдыңар, жетишет. Курчуп кете электе сөзгө келиши керек. Токаев менен тил табышса болот. Ал акылдуу жана билимдүү адам. Казакстандыктар бул алардын өлкөсү экенин, башка мамлекети жок экенин түшүнүшү керек. Мамлекетти кайра калыбына келтирүү кымбатка турат. Чөгөлөп, аскерлерден кечирим сурап, анан бийлик менен сүйлөшүү керек”, - деди Лукашенко.


Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх