Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖККУнун алкагында кыргыз аскерлеринин Казакстанга жөнөтүлүшүнө кайсы депутаттар каршы экенин билдиришти?

Өз позициясын ачык билдирген эл өкүлдөрүнүн тизмеси

Массалык нааразычылыктар токтобой жаткан коңшу Казакстандагы абалдын курчуп кеткенине байланыштуу бүгүн, 6-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши саат 14:00дө кезексиз жыйынга чогулуп, анда ЖККУнун алкагында кыргыз аскерлеринин боордош мамлекетке жөнөтүү маселеси каралмак. Бир сааттын ичинде 38 гана депутатат каттоодон өтүп, кворум болбой калгандыгына байланыштуу, жыйын эртеңки күнгө жылып калганы маалым болду. 

Ал эми, жарандык коомчулуктун көпчүлүгү кыргыз аскерлеринин Казакстанга жиберилишине каршы чыгып, жыйындын алдында айрым активисттер Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан.

Ал ортодо Vesti.kg сайты социалдык тармактар аркылуу бул маселе боюнча ушул убакытка чейин өздөрүнүн каршы позияцын ачык билдирип чыккан эл өкүлдөрүн тизмектеди (ред-тизме толукталып турмакчы, ошондой эле бул жаңылыктын алдына комментарий аркылуу дагы каршы чыккан депутаттарды белгилесеңиздер болот). 

1. Камила Талиева

2. Орозайым Нарматова

3. Дастан Бекешев (ФБ аркылуу видео кайрылуу жарыялаган)

4. Исхак Масалиев 

5. Эмиль Токтошев

6. Эльмурза Сатыбалдиев (ЖМК өкүлдөрүнүн суроосуна каршы экенин айтып жооп берген)

Белгилей кетсек, тизмени даярдоодо ЖКнын көптөгөн депутаттары Жаңы жылдан бери социалдык тармакта эч нерсе жүктөбөгөнүн байкадык.

Камиля Аляева

фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх