Садыр Жапаров: 20-30дай популист жеке кызыкчылыктары үчүн өздөрүнө пиар жасап калайын деп Ак үйдүн алдына чыга калышты
КР президенти ЖК депутаттарын ЖККУнун алкагында кыргыз аскерлеринин Казакстанга жөнөтүлүшүнө каршы добуш бербөөгө чакырды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү жазып, анда ЖКнын депутаттарын ЖККУнун алкагында кыргыз аскерлеринин Казакстанга жөнөтүлүшүнө каршы добуш бербөөгө чакырды. "20-30дай популист жаран жеке кызыкчылыктары үчүн ушундай трагедиядан өздөрүнө пиар жасап калайын деген максаттарды көздөп Ак үйдүн алдына чыга калышты", - деп жазган Жапаров.
-
Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу депутаттар!
Боордош коңшу Казакстанда болуп жаткан жагдай боюнча ар ким ар кандай ой пикир айтып, 20-30дай популист жаран жеке кызыкчылыктары үчүн ушундай трагедиядан өздөрүнө пиар жасап калайын деген максаттарды көздөп Ак үйдүн алдына чыга калышты. Менин сиздерден суранарым мындай трагедиядан арзан пиар кылгандан алыс болсоңуздар. Силер эле мекенчил, акылдуу болуп, биз болсо көчөдө жүргөн адамдар эмеспиз. Биз дагы "жети өлчөп, бир кесип" жатабыз. Биз армиябызды "митингге чыгып жатышкан казак бир туугандарды аткыла" деп жиберип жаткан жокпуз. Өз элин атпаган аскерлерибиз казак бир туугандарыбызды дагы атпасына терең ишенебиз. Тескерисинче туруктуулукту орнотконго жардам бергиле деп жөнөтүп жатабыз.
Кандай жардам?
Азыр ушул тапта Казакстанда көптөгөн мамлекеттик стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчтөрү жетишпей турган мезгил экен. Бизден жардам сурады. Биз жардам беришибиз керек. Анткени ЖККУ нун туруктуу мүчөсүбүз. Келишимге мурда эле кол коюлуп, Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөн экен. Кайсы жерге барышат, кандай мекемени кайтарат жана башка маселелердин баарын такташып алып, анан жардам берели дедик. Айрым депутаттар дагы популисттердин айынан каршы пикирлерин айта башташты.
Урматтуу депутаттар, каршы болбогула деп суранып кетет элем. Кам санабагыла. Азыр Казакстанда абал турукташып калды. Ошентсе дагы колубуздан келген жардамыбызды берип коелу. Коңшуларыбызда тынчтык болсо, бизде дагы тынчтык болот, - деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн, 6-январда бул маселе боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны чогулуп, бирок кворум болбой калгандыгына байланыштуу, эртеңки күнгө жылдырылган эле.