Бишкекте активисттер кайрадан Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүүгө каршы митингге чыгышты
Митингчилер ички жаңжалды коңшу өлкө өзү чечиши керек деп эсептешет
Бишкекте Ак үйдүн жанында митинг өтүп жатат. Активисттер ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн курамында кыргыз аскерлеринин Казакстанга жөнөтүлүшүнө каршы.
Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, аскерлер коңшу мамлекеттин ички чыр-чатагына кийлигишпеши керек. Ал ошондой эле Россиянын президентинин мурдагы жардамчысы Владислав Сурковдун орус жерлеринин үлүшүн кеңейтүү тууралуу айткан сөздөрүн келтирип, Казакстандын аймагына кол салуу болуп жатканын кыйыткан.
Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында ЖККУнун алкагында кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү боюнча чечим кабыл алынат.
Сүрөт www