Камчыбек Ташиев: Кыргызстан Казакстанга 150 аскер кызматкерин, 8 бронетехниканы жана 11 техниканы жөнөтүүнү пландап жатат
Жогорку Кеңеште чукул жыйын өтүүдө
Бүгүн Жогорку Кеңеште Казакстандагы курчуп кеткен кырдаал боюнча кезексиз жыйын өтүүдө.
Белгилей кетсек, депутаттар ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн алкагында коңшу мамлекетке аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин карашат.
Парламентарийлердин алдында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев баяндама жасады.
«Кыргызстан Казакстанга 150 аскер кызматкерин, 8 бронетехниканы жана 11 техниканы жөнөтүүнү пландаштырууда», - деди ал.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз