Викрам Рузахунов бошотулду
Музыканттын Казакстандан мекенине качан келери азырынча белгисиз
Казакстанда тополоңдо кармалган кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов бошотулду. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына УКМКнын басма сөз борборунан тастыкташты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет анын качан мекенине келери тууралуу маалыматты кийинчирээк берүүнү убадалады.
Ал ортодо казакстандык бир нече маалымат каражаттары музыканттын погромдорго катышканын мойнуна алган делген видеону алып салышкан.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз