Матраимов аттуу жаран күлдү таштанды контейнерине ыргыткандыгы үчүн айып пул салынды
Бишкек мэриясы таштандынын күйүшүнө күл себеп болгонун түшүндүрдү
Урматтуу жарандар! Бишкек мэриясы күлдү таштанды контейнерлерине ыргытпоону суранат.
Муниципалитеттин Санитардык-экологиялык инспекциясы шаар аймагынын санитардык абалын жакшыртуу,жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.
Таштанды контейнерлери көбүнчө кышында күйөт - бул алардын ичине күлдүн төгүшүнө байланыштуу, бул таштандыда өрттүн чыгышына алып келет.
Мындай мыйзам бузуу фактысын инспекторлор Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган жаран С.С.Матраимов тарабынан аныкташкан. Ага КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 5500 сом айып салуу менен токтом чыгарылган. Күйүп жаткан контейнер өчүрүлгөн.
Урматтуу жарандар! Катуу калдыктарды чогултуу үчүн идишке күл чыгарууга толук муздатылгандан кийин гана жол берилет.
Жакшыртуу эрежелерин бузуу боюнча суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
Свердлов району боюнча: 0551551745;
Октябрь району боюнча: 0505523832;
Биринчи Май району: 0555404818;
Ленин району: 0554222213.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www