КРнын Казакстан Республикасындагы элчиси: Алматыдагы тополоңдо кыргызстандык жаран каза болду
Дастан Дюшекеев Казакстандын күч түзүмдөрү кармалган КРнын жарандарынын саны тууралуу расмий маалымат бербегенин белгиледи
Алматыдагы тополоңдо бир кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев “Азаттыкка” билдирди.
«Алматыда фитнес боюнча машыктыруучу болуп иштеген кыргызстандык каза болду. Элчиликтин кызматкерлери анын өздүгүн тактап, сөөктү мекенине жөнөтүү иштерин жүргүзүп жатышат», — деди ал.
Дүйшекеевдин айтымында, Казакстандын күч органдары соңку окуяларга байланыштуу канча кыргызстандык кармалганын расмий түрдө айта элек.
Эскерте кетсек, буга чейин Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалган беш кыргызстандык тууралуу билдирген.
Сүрөт www