ТИМ Алматыда кыргызстандык каза болгондугу тууралуу маалыматты тастыктады
Шымкентте КР 38 жараны кармалган, бирок текшерүүдөн кийин алардын баары коё берилген. Закир Юбуровду жана башка камакка алынган мекендештерди бошотуу маселеси чечилүүдө
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда башаламандыкка катышкан деген шек менен кармалган Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча маалымат таратты:
- Кыргыз Республикасынын жараны Рузахунов Викрамдын камактан бошотулгандыгы тууралуу маалымат тастыкталды. Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Н.Ариповдун катышуусунда белгиленген жол-жоболордон өткөндөн кийин бошотулган;
- Кыргыз Республикасынын жараны Юбуров Закирдин жана Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын кармалышы боюнча учурда консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат, тактап айтканда, Казакстан тарапка бул жарандарды кармоо фактысы жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин аларды мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө министрликтен нота жөнөтүлгөн.
- Кыргыз Республикасынын 38 жаранынын Шымкент шаарында кармалгандыгы тууралуу маалымат боюнча, кармоо тактоо иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн, андан кийин алар бошотулган.
Казакстан Республикасында массалык баш аламандык учурунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугунун фактылары боюнча:
- 2022-жылдын 7-январында Алматы шаарында 1989-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.М.нын каза болгондугу тууралуу маалымат тастыкталды. Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу маркумдун жакындары менен байланыш түздү, Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары анын өлүмү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө;
- кагылышуу учурунда Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын өлүмүнүн мүмкүн болгон фактыларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
КРнын ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www