Акылбек Жапаров 8-мартка чейин каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды ишке киргизүүнү тапшырды
Өкмөт башчы белгилегендей, ар бир акимдин вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча конкреттүү иш планы болушу керек
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө республика аймагындагы ирригациялык тармактарды жана каналдарды калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча конкреттүү иш пландар талкууланды.
«Каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды ишке киргизүү боюнча бардык иштерди үстүбүздөгү жылдын 8-мартына чейин жыйынтыкталышы зарыл, ошол эле учурда ар бир акимдин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрилиги менен биргеликте иштелип чыккан вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча конкреттү иш-планы болушу тийиш», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Белгилесек, эпидемиологиялык абалга байланыштуу кеңешме Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын – район акимдеринин катышуусунда видеоконференцбайланыш режиминде өттү.
Министрлер кабинетинин мааалымат кызматы
Фото www