2 ай мурун Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган кыргызстандык мекенине кайтып келди
Маселе УКМКнын чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан чечилди
УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мурда Тажикстандын аймагында кармалган Кыргыз Республикасынын жаранын Кыргызстанга кайтарышты.
Буга чейин, 2021-жылдын 1-ноябрында Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка – Борбордук унаа жолунун тилкесинде Тажикстандын УКМК кызматкерлери Кыргызстандын жараны 1992-жылы туулган Р.Исмаиловду кармашкан.
КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек ара өкүлдөрүнүн аппараты тарабынан көрүлгөн чаралардын аркасында 2021-жылдын 10-январында Лейлек районунун аймагында жайгашкан «Кулунду-автожол» өткөрүү пункту аркылуу жаран Исмаилов мекенине кайтарылган. .
УКМКнын СС маалымат жана байланыш башкармалыгы
Сүрөт www