Казак криминалдык авторитет Дикий Арман эки айга камалды
Сот бүгүн баш коргоо чарасын чыгарды
Казакстандык кримавторитет Дикий Арман деген ат менен белгилүү Арман Жумагелдиевди сот эки айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.
Мындай чечимди бүгүн Нур-Султан шаарынын адистештирилген райондор аралык тергөө соту чыгарды.
Эскерте кетсек, Жумагелдиев Алматыда атайын операция учурунда кармалган. Андан жана дагы бир нече адамдан түрдүү маркадагы жана калибрдеги 4 жарым автоматтык тапанча, алар үчүн ок-дарылар, кырдуу куралдар жана бир бронетранспортёр алынган. Кармоо учурунда алар каршылык көрсөтүшкөн.
Буга чейин Дикий Арман Казакстандагы тополоңго кыргызстандыктардын катыштыгы бар экенин билдирген видеолорду тараткан. Ал арада жалпыга маалымдоо каражаттары Жумагелдиевди "Мисс Кыргызстан - 2014" жана "Мисс Интернет KG - 2012" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Айкөл Аликжановага турмушка чыкканын жазып чыгышкан.
Кылмыш дүйнөсүндө Дикий Арман 2020-жылы өлтүрүлгөн Лоту Гули каймана аты менен таанымал атактуу "мыйзамдагы ууру" Надир Салифовдун жакын адамы катары каралат. Акыркысы азербайжандык, орусиялык жана украиналык уюшкан кылмыштуулуктун лидери болгон.
Сүрөт www