Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров быйыл салык органдарына 150 миллиард сомго жакын чогултуу планы коюлганын айтты

Ал эми бажы кызматынын алдына 100 миллиард сомго жакын  план коюлган

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү.

Акылбек Жапаров белгилегендей, МСК алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлган.

«Үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 миллиард сомго жакын салык жыйноо, ал эми бажы кызматынын алдына 100 миллиард сомго жакын  план коюлган», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Кеңешменини жүрүшүндө МСК өкүлдөрү 2022-жылга карата иш планы тууралуу, анын ичинде виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акцизди киргизүү, санариптик продукцияны киргизүү аркылуу салыктык башкарууну күчөтүү, ККМ жана КНСти көзөмөлдөө боюнча аналитикалык тутумду ишке киргизүү тууралуу маалымат беришти.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы МСК алдына коюлган милдеттер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх