Бишкек мэриясы балдарга Садыр Жапаровдун жаңы жылдык белектерин тапшырды
Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар президенттен кийим-кече жана окуу куралдарын алышты
Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева балдарга президент Садыр Жапаровдун белектерин тапшырды.
Кийим-кече жана окуу куралдарын турмуштук оор кырдаалга кабылган 9 бала алды.
Буга чейин президент дагы борбордогу 248 жетим балага жаңы жылдык белектерди тапшырган.
Мындан тышкары, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 10 миң 285 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды. Белектерди сатып алууга шаардык бюджеттен 6,4 млн сом бөлүнгөн.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз