Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин тургуну лифтте каза болду. Каргашалуу окуяны ведомстволор аралык комиссия иликтеп жатат

Үрөй учурган окуяны укук коргоо органдары да иликтейт

Бишкектин Улан-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн лифтинде бир адам каза болгону белгилүү болоору менен «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасынын жетекчилери жана министрликке караштуу Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик экологиялык инспекциясынын өкүлү Кыргыз Республикасынын Энергетика министри барган.

Алар келгенге чейин лифтчи инструкцияга ылайык лифттин тогун өчүрүп, жабырлануучуну эвакуациялоо үчүн электромеханикти чакырган.

Эми аварияларды иликтөөнүн жол-жобосуна ылайык, ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына «Бишкекгорлифт» ЖЧКсынын, Октябрь акимчилигинин, Энергетика министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана райондук ички иштер башкармалыктын өкүлдөрү кирген.

Комиссия окуя болгон жерге экспертиза жүргүзүп, соттук-медициналык экспертизаны эске алуу менен экспертизанын корутундусун даярдайт.
Окуяны укук коргоо органдары да иликтейт.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх