Кыргызстанда 2021-жылдын январь-декабрында пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө 50 миллиард сомдон ашык каражат жумшалды
Бишкек шаарында каржылоо 8 миллиард сомдон ашыкты түздү
Кыргызстанда 2021-жылдын январь-декабрына карата пенсияларды жана пособиелерди каржылоо 50 миллиард 819,4 миллион сомду түздү.
- Бишкек - 8 млрд 309,4 млн сом
- Чүй облусу – 7 млрд 796,9 млн сом
-Нарын облусу – 4 млрд 044,8 млн сом
- Ысык-Көл облусу – 4 млрд 630,8 млн сом
- Талас облусу – 2 млрд 102,3 млн сом
- Ош - 1 млрд 825,2 млн сом
- Ош облусу – 9 млрд 315,6 млн сом
- Баткен облусу – 4 млрд 072,3 млн сом
- Жалал-Абад облусу – 8 млрд 722,2 млн сом
2021-жылдын декабрь айына пенсияларды жана пособиелерди каржылоо 4 миллиард 537,2 миллион сомду түздү.
КРнын Социалдык фондунун басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз