Кыргызстанда тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды аймактарды өнүктүрүү фонддоруна бөлүштүрүү ачык болот
Эми каалаган жаран акчанын кайда, качан жана канча жумшалганын онлайн көрө алат
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселеси жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында аймактарды өнүктүрүү фонддоруна тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча маалыматты «Ачык бюджет» – budget.okmot.kg порталына жайгаштыруу боюнча иш жүргүзүлдү.
Эми өлкөнүн ар бир жараны тоо-кен компанияларынан аймактарды өнүктүрүү фонддоруна түшүүчү каражаттар кайда, качан жана канча өлчөмдө жумшалып жаткандыгын онлайн режимде көрө алат.
Эске салсак, аймактарды өнүктүрүү фонддору жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо үчүн ачылган.
Белгилей кетсек, жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты - тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, натыйжада, алардын пайдаланылышына жарандык көзөмөл орнотуу болуп саналат.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы
Фото www