Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кудайберген Базарбаев: Кыргызстанда жакырчылыктан чыгуунун жаңы модели киргизилет

Министрдин айтымында, эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачууга каражаттар сунушталып, каржылык колдоо көрсөтүлөт

Учурда дүйнө жүзү боюнча ишке ашырылып жаткан муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнүн “Эмгек үчүн азык-түлүк” модели Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ишинин натыйжасы. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директорунун милдетин аткаруучу Рам Сараванамутту менен болгон жолугушууда билдирди.

«Бул программа Кыргызстанда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Азыр Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте жакырчылыктан чыгуунун жаңы механизмдерин ишке киргизип жатат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачууга, жеке чарба жүргүзүүгө каражаттар жана материалдык колдоолор сунушталса, биз жардам берүүнүн пассивдүү түрлөрүнөн активдүү түргө өтөбүз», - деди Базарбаев.

Жыйында социалдык коргоонун активдүү чаралары калкты туруктуу айыл жана айыл чарба инфраструктурасын жана жамааттык активдерди өнүктүрүүгө мобилизациялоону, киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү (жашылчачылык, багбанчылык, балык чарбасы, агротокой чарбасы, тоют өндүрүү, продукцияны кайра иштетүү) жана кесиптик тренинг. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жана башка өнөктөштөр менен биргеликте, негизинен айыл чарба багытында – мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү боюнча кыска мөөнөттүү тренингдердин жана консультациялардын мамлекеттик программасын ишке киргизди.

Бүгүнкү күндө окутуу программасы 68 практикалык курстарды камтыйт, аларды окутуу кесиптик лицейлер аркылуу жүргүзүлөт.

Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы максаттуу аймактардагы чакан фермерлерге өз бизнесин ачууга, мисалы, айыл чарба продукцияларын рыноктун талаптарына жана жергиликтүү мүмкүнчүлүктөргө ылайык кайра иштетүүгө жардам берүүдө.

Жалпысынан Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстан менен кызматташуусу айыл чарбасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттарын жакшыртууну камтыйт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх