Кыргызстандыктарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору түзүлдү
Министрлер кабинетинин чечими эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган
Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында Кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Бул чечим эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмчөсү болот.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз