Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Буга чейин Алматыда кармалган дагы төрт кыргызстандык чыгарылды (видео)

КРнын жарандары баары жайында деп ишендиришти. Алардын арасында казак маалымат каражаттарына чыккан Закир Юбуров да бар

Алматыдагы тополоңдо кармалган төрт кыргызстандык бошотулду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Instagram социалдык тармагындагы баракчасында КРнын Казакстан Республикасындагы башкы консулу Назарали Ариповго шилтеме берүү менен билдирди.

«Алматыда себепсиз камакка алынган Закир Юбуровго  анын жакындары баарыбыз кабатырландык, эми акыйкаттык орноду. Биз бирбиз! Биз бирге күчтүүбүз!
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине рахмат. Туулуп-өскөн кыргызстандыктарды бошоттук. Ушунчалык аракет жана кесипкөйлүк», - деп жазган ал.

Ошол эле учурда Молдокматова Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Башкы консулу тарабынан ага жиберилген видеотасма менен бөлүшүп, анда кыргызстандыктар аларда баары жайында деп билдирген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх