Абдурахман Муртазалиев Свердлов районунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуну чечти
Улуттук джиу-джитсу федерациясынын президенти команда чогултууда
Эмгек сиңирген спорт чебери, Улуттук джиу-джитсу федерациясынын президенти Абдурахман Муртазалиев Свердлов районунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуну чечти. Бул тууралуу спортчу Instagram социалдык тармагындагы баракчасында билдирди
Муртазалиев жазылуучуларга агитаторлор бригадасын топтоп жаткандыгын айтты
Эске салсак, 28-ноябрда Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда өткөн парламенттик шайлоодо “баарына каршы” графасы алдыда болуп, жыйынтыгында аталган райондордо кайра шайлоо дайындалган. Талапкерлерди көрсөтүү 27-январга чейин уланат. Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 27-февралда өтөт
Сүрөт www