Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орус маалымат каражаттары: Нурсултан Назарбаев БАЭге Кыргызстан аркылуу учуп кетти

КР президентинин басма сөз кызматы бул билдирүүгө комментарий бере элек

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди 2-3-январь күндөрү туулуп-өскөн Шамалган айылынан көрүшкөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар мурдагы мамлекет башчынын айылдаштарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Белгиленгендей, Назарбаев бул күндөрү жакында операция болгон агасы Болатка барган.

Андан ары Казакстандын биринчи президенти жана анын үй-бүлө мүчөлөрү бронетранспортерлор менен кыргыз чек арасын көздөй бет алышып, ал жерден Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетишкен.

«Аны Кыргызстандын президенти сактап калганын эске алыңыз. Чынында эле, 2010-жылы “Апрель ыңкылабында” Кыргызстандын экс-жетекчиси Бакиевди да Назарбаев куткарып калган, - дейт Шамалганда административдик кызматты аркалаган булак.

Бул боюнча Vesti.kg сайты байланышкан Кыргызстандын президенттик аппаратынын басма сөз кызматы бул билдирүүгө комментарий бере элек.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх