Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бошотулду

Сот мурдагы чиновниктин баш коргоо чарасын декабрдын башында өзгөрткөн

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камактан бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Зилалиевдин баш коргоо чарасы 6-декабрда өзгөртүлгөнү көрсөтүлгөн. Мурдагы чиновник мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу эч жакка кетпөө боюнча күрөө менен бошотулган.

Эске салсак, жаңы эрежеге ылайык, шектүү адам соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирбестен бир жылдан ашык эмес мөөнөткө камакта кармалат.

Дүйшөнбек Зилалиев коррупцияга айыпталып, сот аны 9 жылга эркинен ажыратты. Өткөн жылы Жогорку сот мурунку инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого кайтарган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх