Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жеңиш Молдокматов: Революцияны президент кылган болсо, бизди камоо акылга сыйбас иш

Оппозициялык саясатчы Алымкадыр Бейшеналиевди сотко чакырууну суранды

Камактагы оппозициялык саясатчы, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

«Айыпсыз абакта отурганыма 255 күн же 9 ай болду. Мага коюлган кинелер азыркы бийликке коюлчу беренелер экенин жакын досуңуз, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев (9.01.22-ж)"Новые лица" ютуб каналына берген маегинде ачык айтты. Революцияны президент кылса, массалык башаламандыкты уюштурса бизди камоо акылга сыйбас иш. Дегеним, Башкы прокуратура, ИИМ октябрь окуясын "кылмыш"- деп таап бизди күнөөлөп камап жатканы бийликке каршы кадам эмеспи? Анткени бүгүн биз бийликте эмеспиз, бийликтен отурган силер! Ошондуктан адвокаттар аркылуу сотко өтүнүч келтирдик. Айыпсыз камакта отуруу кандай экенин унута элек болсоңуз адилеттүүлүктөн тайбаңыз! Бейшеналиевге берген убадаңызга туруп министр кылдыңыз. Эми элге берген "Мен бийликте турганда саясий куугунтук болбойт" - деген убадаңызга туруңуз!

Биз буга чейин октябрь окуяларында башаламандыктарды уюштуруп, элге каршы курал колдонуп, Үмүттун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү тизмелеп сотко чакырттык. Соттор албетте жогору жакты карап, чакыртуудан баш тартып келишет. Бүгүн негизги күбө катары министр Алымкадыр Бейшеналиевди чакырууну соттон өтүндүк. Министр мамлекеттик кызматкер, өкмөт өкүлү болгон соң айткандары расмий деп таанылат. Министирдин сөздөрүнөн улам бизди мындан ары камакта кармап туруу мыйзамсыз, адилетсиз. Негизи эле октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин ачып, мени камакка алуунун өзү "саясий басым, саясий кысым, саясий куугунтук" экенин саясатчылар жана саясий лидерлер ачык айтып, ММК өкүлдөрү 9 айдан бери тынбай жазып, карапайым эл дагы адилетсиздик жана мыйзамсыздык болуп жатканын ар кандай формада билгизип келет.

Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин кайра кароого жөнөтүп, ишти кыскартыш керек.

Акыйкаттуулукту, адилеттүүлүктү карманып, чындыкка жетели!», — деп айтылат Молдокматов «Туран» партиясынын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланган билдирүүсүндө.

 

Эске салсак, Жеңиш Молдокматов 2020-жылдын октябрь окуясында имараттарды жана курулуштарды басып алган деген шек менен кармалган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх