Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Назарбаевдин үч күйөө баласы жана анын жээни ири компаниялардагы кызматтарын таштап кетишкен

Элбашынын бардык туугандары өз каалоосу менен кызматтан кеткен имиш

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Самат Абиш Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Жарлыкка Казакстан Республикасынын башчысы Касым-Жомарт Токаев кол койду. Бул тууралуу Казакстандын президентинин сайтында маалымдалды.

Ал арада Казакстандын маалымат каражаттары жазгандай, Назарбаевдин үч күйөө баласы ири компаниялардагы кызматтарын таштап кетишкен.

Ошентип, 15-январда Элбашынын кичүү кызынын күйөөсү Алия Назарбаеванын күйөөсү Димаш Досанов “Казтрансойл” акционердик коомунун башкы директорлугунан жана башкармалыгынын төрагасы кызматынан кетти.

Ошол эле күнү Дарига Назарбаеванын улуу кызынын күйөөсү Кайрат Шарипбаев “КазТрансГаз” УК” ААК башкармалыгынын төрагалыгынан кетти.

Ал эми бүгүн Казакстандын биринчи президентинин экинчи кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасынын президиумунун төрагалыгынан кетти.

Алардын баары өз каалоосу менен кызматтан кетишти.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх