Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балбан Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир жана автоунаа белекке берилди

Кошумчалай кетсек, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Жоламан Шаршенбеков батирге ээ болду

15-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи күнү жыйынтыкталды. Иш-чаранын алкагында балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековду да сыйлоо расмий аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батирди КРнын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Дамирек Асылбек уулу жана ФБКР бюросунун мүчөсү Рустам Жон тапшырышты.

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов өз кезегинде Акжол Махмудовго дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Жоламан Шаршенбековго автоунаа жана бир бөлмөлүү батир белек кылды.

Грек-рим күрөшү боюнча КР курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаевге батирдин ачкычын КР Күрөш федерациясынын бюро мүчөсү Тимур Пазылов тапшырды.

Ал эми улук машыктыруучулар Шухрат Ушуров, Арсен Эралиев жана Ратбек Мамбетовго 50 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.


сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх