Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак үй курчалган эмес. Бишкекте административдик имараттардын жанындагы тосмолор демонтаждалууда

Салык кызматынын имаратынын темир тосмолору буга чейин алынып салынган. Башка мамлекеттик органдарга кезек келди

Бишкек шаардык мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын адистери “Тазалык” ишканасы менен биргеликте борбор калаадагы административдик имараттардын жанындагы тосмолорду демонтаждоо иштерин улантууда.

Бул жолу Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын Чүй проспектисинин тарабындагы темир тосмолор алынып салынды.


Ошондой эле, билдирүү тарагандан кийин Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек автожол колледжинин Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы тосмолор өз ыктыяры менен демонтаждалган.

Иш «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин кайрылуусунун негизинде, ошондой эле шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.



Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин администрациясына тосмолорду коомдук башталышта бузуу өтүнүчү менен кайрылат элем. Бул шаардык кызматтарга жана борборго олуттуу пайда алып келет.

Урматтуу жарандар! Социалдык тармактардагы башкаруу баракчаларында мыйзамсыз объектилер боюнча сиздин суроо-талаптарыңызды күтөбүз:

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Twitter: @twice

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх