Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токаев Назарбаев менен катуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат- ЖМК

Улуу Британиядан келген журналисттер Казакстандын азыркы президенти Элбашынын үй-бүлөсүнө каршы репрессияларды колдонгон деп эсептешет

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин ортосунда “катуу сүйлөшүүлөр” жүрүп жатат. Мындай маалыматты өз булактарына таянуу менен белгилүү чет элдик The Guardian басылмасы жазып чыкты.

«Казакстанда бийлик үчүн күрөш уланууда. Баардыгы ойдогудай бүтөөрүнө эч кандай кепилдик жок”, - дейт басылманын маектештеринин бири.

Чет элдик журналисттер Токаев репрессияны Нурсултан Назарбаевди жана анын үй-бүлөсүн бийликтен ажыратуу үчүн колдонгон деп эсептешет.

Кошумчалай кетсек, Улут лидери Кытайда экени тууралуу такталбаган маалыматтар бар.

The Guardian гезитинин дагы бир маектешинин айтымында, саясий элитанын бир бөлүгү Касым-Жомарт Токаевге лоялдуулугун жарыялаган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх