Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эделбек Кулматов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болду

Буйрукка Акылбек Жапаров кол койду

Эделбек Кулматов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Белгиленгендей, Эделбек Кулматов 1982-жылы 25-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Михайловка айылында туулган. Юридикалык жогорку билимге ээ.

Тажрыйбасы:

2004-2008-жылдары Жалал-Абад шаардык сотунун катчысы;
2008-2018 — жеке компанияларда юрист;
2018-2020-жылдары - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы;
2020-жылы - президенттик аппараттын эксперти;
2020-2022-жылдары - Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх