Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түрк ассоциациясы Айгүл Жапарова фондусунун колдоосу менен Кыргызстандагы жетим балдарга кийим-кече белек кылды

Үч күндүк акция Бишкектеги балдар үйүнөн жана Беловодск мектепке чейинки балдар үйүнөн башталды

Дениз Фенери ассоциациясы Кыргызстандагы жетим балдарга бир жүк ташуучу вагон кийим-кече жеткирди. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгиленгендей, буюм-тайымдарды бөлүштүрүү Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын «Үмүт булагы» коомдук фонду тарабынан колдоого алынган.

Бирикменин директорунун орун басары Йылдыз Коскун жана баш катчы Али Карайылан фонд өкүлдөрүнүн коштоосунда балдар үйүнүн жетекчилерине пакеттелген буюмдарды тапшырышты.

Маалым болгондой, үч күндүк акция Бишкектеги балдар үйүнөн жана Беловодск мектепке чейинки балдар үйүнөн башталган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх