Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшебаев суракка чакырылды

Мурдагы башкы прокурор жана УКМКнын жетекчиси 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинде көрсөтмө берүүдө

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшебаев Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча Бекназаров менен Дүйшебаевдин ортосунда тирешүү болот.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты июнь окуясы боюнча кылмыш ишин тергөөнү кайра баштоо чечими кабыл алынганын жазган. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө тоскоолдуксуз чыгуусуна көмөктөшкөн айрым мурдагы аткаминерлерге кылмыш иши козголду.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх